Чүй облусунун Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында жол кырсыгы орун алып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгына кабылган 3 адам бейтапканага жеткирилген. Кырсык айдоочунун унааны башкара албай калгандыгынан келип чыккан. Окуя 10-август күнү саат 13:30дар чамасында болгон.
"Жабыркагандар Сокулук районунун аймактык ооруканасына жаткырылган. Жабыркагандардын катарында 2017-жылы жана 2016-жылы туулган эки наристе болгон. Алардын баш мээси чайкалган. Ошондой эле 1987-жылы туулган тургундун далы сөөгү жарака кетип, баш мээси чайкалган. Айдоочунун абалы канааттандырарлык. Учурда бейтаптар медициналык тийиштүү жардамдарды алууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.