Ирандагы суу ташкынынан 9 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 11-августта болгон. Суу ташкындын кесепетинен учурда Ирандын түндүк-чыгыш жагында 4 адам дайынсыз болууда. Жоголгондордун арасында туристтер бар экени айтылууда. Суу ташкыны катуу жааган жамгырдын кесепетинен болгон. Ошондой эле кырсыктан 114 автоунаа жабыркаган.
Эске салсак, аталган өлкөдө быйыл апрель айында суу ташкынынан 40 адам каза болгон.