Өлкө аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүү 13-август күнү саат 09:12 чамасында болгон. Анын күчү 3 баллга жетип, очогу Кара-Күнгөй айылынан 18 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Саз айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Туура-Суу айылынан 21 чакырым түштүк-батышта, Сары-Булак айылынан 30 чакырым түндүк-чыгышта, Кочкор айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Балыкчы шаарынан 41 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө калк жашаган аймактарда 2,5 баллга чейин сезилген.