Жаштарды экстремизмге үндөп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, экстремизмге шектелген Х.М. аттуу Кыргыз жараны 9-августта кармалган. Ал бир катар кылмыштарга шектелип, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
"Х.М. чет элдик экстремисттик борборлордун тапшырмаларын аткаруу менен жаштар арасында үгүт иштерин жүргүзүп, радикалдуу идеологияны таратып, жашыруун ячейка түзүп баштаган. Учурда шектүү экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар экенин моюнуна алып, козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын СИЗОсуна киргизилди", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.