Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ушул жылдын 14-август күнү 49 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.У. милицияга өзү келип, Тамчы айылында 36 жаштагы аялын өлтүрүп алгандыгын билдирген.
"Кылмышка шектүүнүн айтымында, 11-август күнү Тамчы айылына келишип, көлгө түшүп эс алууну максат кылышкан. 12-август күнү кечинде ортодон чыккан чырдан улам мас абалда аялын муунтуп, өлтүрүп алган. 13-август күнү үйдүн ижарасын дагы бир күнгө узартып, өзү Бишкек шаарына барып, милицияга окуяны айтып берген. Анын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн турак жай текшерилген учурда аялдын жансыз денеси табылган", - деп айтылат Ысык-Көл ОИИБинин маалыматында.
Азыркы тапта "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.