Бишкекте 11 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн түшкө маал Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Белгисиз айдоочу 11 жаштагы эркек баланы унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ыкчам изилдөө иштеринин негизинде 1983-жылы туулган Т.У. аттуу айдоочу кармалды. Азыркы тапта унаа айып жайга киргизилип, топтолгон материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди. Ал эми жабырлануучу Бишкектеги балдар ооруканасына жеткирилген", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан.