Өзбекстанда жаратылыш газын толтуруучу жайда жарылуу болуп, бир адам күйүк алды

Өзбекстанда жаратылыш газын толтуруучу жайда жарылуу болуп, бир адам күйүк алды. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык 15-август күнү Өзбекстандын түштүгүндөгү Кашкадарыя облусундагы газ толтуруучу жайлардын биринде болгон. Анда ЗИЛ 130 унаасынан оор жүк ташуучу MAN үлгүсүндөгү унаага жаратылыш газын куюштуруп жаткан маалда мүчүлүштүктөр оруп алып, натыйжада жарылуу келип чыккан. Анын кесепетинен ЗИЛ 130 унаасынын айдоочусу экинчи даражадагы күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта анын абалы канааттандырарлык.

Ал эми Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарылуу болбогонун, куюштуруу учурунда болгону газ дүрт этип күйгөнүн билдирген.

Өзбекстанда жаратылыш газын толтуруучу жайда жарылуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан