21 жаштагы келин чын эле асынып алып каза тапканбы? Келиндин жакындары анын өз өмүрүнө кол салганына ишенбейбиз дешүүдө

Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылындагы Төрөгелдиевдердин үй-бүлөсү жаңы гана турмуш жолуна жакшы тилек менен узаткан кызынан айрылып калышты. Жакындары 21 жаштагы Мээримгүл Баатырбек кызы өз өмүрүнө кол салмак эмес дешүүдө.

Маркумдун атасы Баатырбек Төрөгелдиев окуя тууралуу: “Кызымды ооруканадан эле соттук-медициналык экспертизага текшертүүгө бердим. Эксперт эч кимибизди катыштырбай жыйынтыгын чыгарды. Ал башында “өзү муунган эмес жана жаак сөөгү сынган” деп айтып жаткан. Кийин көк ала тактарын, сынган жаагын эксперт көрүп турса да, туура эмес жыйынтык чыгарды”, - дейт.

“Супер-Инфонун” иликтөөсүн гезиттин жаңы санынан (№772, 18-август, 2017-жыл) окуй аласыз.


кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №772-жаңы санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан