SUPER.KG порталынын түз эфиринде ырчы Кенже Дүйшеева конокто болду. Сыркоолоп жатканына карабай күйөрмандары менен баарлашуу үчүн келген ырчы: “Кыз-Бурактын” тарыхында менден көп убакытка иштеген кыз болгон жок. Азыр муну эч ким тана албайт. 17 жыл оңой убакыт эмес, “Кыз-Буракка” кыз башым менен эркекче иштеп бердим. Мурун бул нерсени айткандан уялсам керек эле, азыр уялбайм. Анжелика менен Айчүрөк эженин талашы эмнеде экенин билбейм. Бирок мени бул окуяга мисал кылууга болбойт”, - деди.
Толук версиясын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№772, 18-август, 2017-жыл) окуй аласыз.