Испанияда террорчулар уюштурган экинчи теракттын алдын алынды

Испаниянын Барселона шаарында кечээ, 17-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:10дор чамасында туристтер көп жүргөн Рамбла көчөсүндө автофургон топ элди келип сүзгөнү маалымдалган. Ушул эле күнү аталган өлкөдө террорчулар уюштурган экинчи теракттын алдын алынды. Испан полициясы билдиргендей Барселонадагы теракттан кийин пландаштырылган террорчулардын экинчи аракетине бөгөт коюу учурунда 4 террорчу жок кылынып, алардын дагы бири жарадар болгон.

Бул тууралуу, чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты.Операция учурунда 7 адам жабыркап ооруканага түшкөнүн, алардын арасында полиция кызматкерлери да бар экенин билдирди.

Террорчуларды жок кылуу операциясы Барселонанын түштүк батышындагы, Камбрильс шаарчасында болгон. Азырынча алардын так саны айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан