Бишкектеги "ЭкоИсламикБанктын" Көк-Жар кичи районундагы бөлүмүн карактаган адамдар 2 миллион 400 миң сом алып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта SUPER.KG`ге Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.
"Банктын кызматкерлери түшкү тыныгууга чыккан учурда кылмыш иши катталган. Андыктан эч ким жабыр тарткан эмес. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - дейт Оморов.
Эскерте кетсек, 11-август күнү белгисиз адамдар "ЭкоИсламикБанктын" Көк-Жар кичи районундагы бөлүмүн тоноп кетишкен.