Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында катталган катуу шамалдан электр мамылары кулап, турак үйлөрдүн жана мектептин чатыры талкаланды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы болжол менен секундасына 18-23 метрге жеткен. Натыйжада Атана айылындагы Темиркул Мавлянов атындагы №11-орто мектептин 26 даана шифери талкаланып, терезелери сынган. Ошондой эле мектептин кампасынын чатыры жарактан чыккан.
Кырсык болгон аймакта 4 электр мамысы кулап, 600 метр электр зымдары үзүлүп, Атана айылында электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учураган. Шамал Бай-Кыштак аймагындагы 5 турак үйдүн, 2 мал сарайдын чатырын да жарактан чыгарган.