Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында 8 батирлүү жатакана жана 1 жеңил унаа күйүп кетти

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы жатакана күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жатаканадан чыккан өрт 17-августтан 18-августка караган түнү саат 01:30дар чамасында чыккан. Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттүн кесепетинен 8 батирлүү жатакана жана Ваз-3110 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан