Биринчи Май райондук соту "Заноза" сайты президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтиргендиги үчүн 3 миллион сом моралдык чыгым төлөсүн деген өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта SUPER.KG`ге "Заноза" сайтынын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып билдирди.
"Биринчи Май райондук сотунда сот Алмаз Калыбаев Өмүрбек Текебаевдин 13-февралдагы пикирин сайтка чыгаргандыгыбыз үчүн 3 миллион сом төлөсүн деген чечим чыгарып, айыптоочулардын талабын толук канааттандырды", - дейт Айып.
Айта кетсек, буга чейин "Азаттык" жана "Заноза" сайтына доо арыз менен сотко кайрылууга “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипрге барып келгендиги тууралуу комментарийи президенттин аброюна шек келтирди деп башкы прокурор Индира Жолдубаева эки сайттан 13 миллион сом ("Азаттыктан" 10 миллион сом, "Занозадан" 3 миллион сом) моралдык чыгым өндүрүү талабы менен сотко кайрылган. Бирок кийин "Азаттыкка" карата доо арызын кайтарып алган.