Бишкекте күндүзү эркек кишини таш менен уруп өлтүргөн кыз аны менен бирге отуруп спирт ичимдигин ичкен. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 17-августта күндүз саат 16:30да нөөмөттөгү милициянын 102 номерине чалуу болуп, Бишкектин Гоголь менен Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинде азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштагы эс учун жоготкон адамдын жерде жатканы боюнча кабар түшкөн.
Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы да чакырылып, жабыркаган эркек киши өзүнө келбей ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Дарыгерлер "каза болгон адам баш мээсинен катуу жаракат алган, көп кан жоготкон" деп алдын ала аныктама беришкен.
Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө каза болгон адамдын башына бир канча жолу таш менен урган жаш кызды көргөнүн билдиришкен. Милиция кызматкерлери каза болгон адамдын өлүмүнө шектүү деп 1995-жылы туулган А.А. аттуу кыз кармалып, камакка алынганын кабарлаган.
Шектүү катары кармалган 22 жаштагы кыз көрсөтмөсүндө каза болгон адам менен тааныш эмес болгонун, эркек киши кызга бирге спирт ичимдигин ичүүнү сунуштаган. Ичип алгандан кийин ал өзүн билбей бөтөлкөлөшүнүн башына таш менен урганын айткан.
Учурда Свердлов райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Шектүү катары кармалган кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилген.