Барселона 17-августта болгон теракттан кийин аза күтүүдө (фото)

Испаниянын Барселона шаарында 17-августта болгон теракттан кийин 3 күндүк аза күтүү жарыяланган. Учурда аза күткөн Барселонанын көчөлөрүндө мурда болуп көрбөгөндөй жымжырттык өкүм сүрүүдө. Шаардагы бардык көңүл ачуучу иш-чаралар токтотулуп, кечээ, 18-август күнү аза күтүү иш-чарасы өткөрүлгөн. Ага Испаниянын падышасы Филипп VI, премьер-министр Мариано Рахой жана Каталония бийлигинин жетекчиси Карлос Пучдемонт катышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.

Кырсык орун алган Рамблас бульварында 50дөй мейманканалар орун алганы, ал жакка полиция теракт болгон күнү түн бир убакта гана адамдардын кирүүсүнө уруксат беришкени айтылат. Окуядан соң айрым метролор жана шаардын алыскы бөлүгүнө каттаган поезддер токтотулган. Мындан улам адамдардын шаар ичинде жүрүүсү кыйындап, мейманканалар үйүнө жете албай калган адамдарга бекер түнөп кетүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүшкөн. Ал эми кээ бир тургундар көчөдө калган адамдарды бара турган жерлерине бекер жеткирип, жадакалса өз үйлөрүнө алып кирип, түнөп калуусуна шарт түзгөнү жазылууда.

Эскерте кетсек, Барселона шаарынын туристтер көп жүргөн Рамбла көчөсүндө 17-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:10дор чамасында автофургон топ элди келип сүзгөн. Окуядан 13 адам каза болуп, 130га чукул адам жаракат алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaloshtalnarisbatchui
2017-08-19 16:45:13
Террактты еврейлер уюштурган..жихадчылар эмнеге эле европага же Россияга аттанышат..бугунго чейин бир дагы еврейдин мурду канай элек...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан