Түркияда туристтерди ташып бараткан автобус жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу түркиялык Anadolu маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Анталия-Кемер унаа жолунда болгон. Анда Ерхан Чивчинин башкаруусундагы автобус жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын ичинде 26 чет элдик турист болгон. Алдын ала маалымат боюнча, туристтердин алтоосу жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле кырсыктын келип чыгуусуна аба ырайынын начардыгы себеп болгону айтылууда.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жогу такталып жатканын билдиришти.