Кара-Тейит айылынын тургуну: “Аялым кызымды жуунтуп жатканда жанына бомба түшүптүр”

Мындан туура 18 жыл мурун, тактап айтканда, 1999-жылдын июль айынын аяк ченинде диний экстремисттер өлкөбүздүн түштүк аймагына кирип келип коркунуч жараткан. Анда согушкерлер Баткенден сырткары Чоң-Алай, Чаткал тараптан да кирүүгө аракет кылышкан. Бул сапар бизге Чоң-Алайдын Кара-Тейит айылынын тургундары ошол убактагы кырдаал кандай болгондугун айтып беришти. Өзбекстандын аскер учактары бомбалаганда аялы менен кызынан айрылган Кара-Тейит айылынын тургуну Абдилазиз Сулайманов: “Аялым сыртта 7 жаштагы кызымды жуунтуп жаткан экен, ошолордун жанына бомба түшүптүр. Карасам, аялымдын денеси бөлөк-салак, кызымдын болсо ичегиси чыгып жатыптыр. Кызым өлбөгөндө 3 күндөн кийин 1-класска бармак”, - дейт ал.

Материалды "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№773, 25-август, 2017-жыл) окуй аласыз.


кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №773-жаңы санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан