Иса Өмүракунов менен Таалайкүл Жумалиева башка жумуштарынан чарчап үйгө келгенде ата-апалап алдынан 30дай бала тосуп чыгат. Алардын улуусу 18ге чыгып калса, эң кичүүсү 1 айлык. Жубайлар өз ата-энелеринен түртүлүп калган же аларды багууга ата-энесинин шарты жок балдарга мээримин төгүп жылуулук тартуулап ата-энелик кылышат.
“Орус улутундагы кызым мектептен кыргыз тилинен дайыма 5 алат, орус тилин начар окуйт. Мугалимдер орусчаны жакшы окубагандыгына таң калышса, “апам кыргыз да” деп жооп берет экен. Булардын сөздөрү бизге күч берип турат. Ооруп калсак жаныбыздан чыкпай, үстүбүздү жаап турушат”, - дейт Таалайкүл Жумалиева .
Жүрөктөрүнө мээрим толгон үй-бүлөнүн маегин "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№773, 25-август, 2017-жыл) окуй аласыз.