Белгилүү ырчы Абдумалик Шерматов 15-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалды. Милицияга арыз менен кайрылган жабырлануучу эки жылдан бери карызын кайтарып ала албай жүргөнүн айтса, бул ишти ырчынын жакындары куру доомат дешүүдө. Абдумалик Шерматовдун үстүнөн арыз жазган адам: “Ага жамандык каалап, каматып жиберейин деген деле оюм жок. Болгону өзүмө тиешелүү акчаны өндүрүп алайын деп жатам”, - дейт.
Иликтөө материалды "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№773, 25-август, 2017-жыл) окуй аласыз.