Мурунку аялын сабап өлтүргөн жаран, кийинки аялын да сабап өлтүрдү деп шектелүүдө. Анын кайненеси: “Күйөө балам мага да бычак көтөргөн күндөрү болгон” дейт

22-августта Талас ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Талас районундагы Талды-Булак жайлоосунда мал кайтарып иштеген жаран мас абалында Р.С. аттуу 1984-жылы туулган аялын сабап өлтүрүп салганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул кылмышка шектелип 1979-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулган К.Б. аттуу маркумдун күйөөсү кармалган.

Маркум келиндин апасы Анара айым каза болгон кызынын 3-4 айлык боюнда бар экенин айтат. “Биз алардын никесине каршы болуп, кызымды үйгө алып келип алган күндөрүм көп эле болгон. Себеби күйөө баланын “биринчи аялын өлтүрүптүр” дегенин уккан элек. Кайра эле ал кызымдын артынан жалдырап-жалбарып алып кетчү. Ортолорунда 3 жарым жана 1 жарым жаштагы кыздары бар”, - дейт сыздаган эне.

Окуянын чоо-жайын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№774, 1-cентябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.


кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №774-жаңы санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан