Прокурор "Текебаев 13-майда "Супарага" барган" деп айтып, бирок далилдеп бере алган жок

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши Бишкек шаардык сотто уланууда. Прокурор Б.Маматбаев Текебаевдин ошол учурдагы жан сакчысына "Текебаев 2010-жылдын 13-майында "Супара" эс алуу жайына барган. Сиз ошол жерден көргөнсүзбү?" деп суроо салды. Жактоочулар прокурорго "Сиз эмнеге таянып, "Текебаевди 13-майда "Супарага" барган" деп жатасыз. Барганы чын экенин билсеңиз кайсы жерден окудуңуз? Далилдеп бериңиз" дешти.

Прокурор "иштин 2-томунун 19-барагында Текебаевдин ушундай сөзү жазылган" деп гана тим болду. Жактоочу Чынара Жакупбекова "Текебаевдин көрсөтмөсү 2-томдо жазылган эмес. Сиз иш менен жакшылап таанышпай туруп айтып жатасыз" деди.

Мындан кийин Текебаев "ошентип айтканымды иштин кагазынан окуп бер. Окуп бере албасаң сени каматам" деп ачууланды. Анын жактоочулары прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, бирок соттук коллегия өтүнүчтү четке какты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Isco22
2017-09-07 14:12:03
Уят уят,омурбек байке сиз акталасыз буйруса
+4
shankol88
2017-09-07 14:36:15
Тряпка болбой ишин билиип барбайбы прокурор болумуштар,жок дегенде сурап келбейби атасынан не дейм деп...чыг ешике бар чык....
+6
Melis2014
2017-09-07 15:11:46
сабатсыз екен прукрор
+3
isabek1977
2017-09-07 16:59:55
Melis2014,Жазган уч созундун ар биринде бирден ката.Прокурордун ишине баа бергенди сага ким коюптур.
-1
Isco22
2017-09-07 18:18:38
isabek1977,прокурорсунбу сен дагы. Еу чык эшике,чык!
0
Nargiza1987k
2017-09-07 16:59:26
Эн сабатуу прокурор бизде ушул болсо керек текебаевдин сотуна кыйыныраагын даярдашатда, башкасын элестете албай кошмар кошмар .
+1
taku1414
2017-09-08 13:18:29
прокурор буйрук менен иштеп башы айланып калган да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан