Ирандын өкүлү Европадагы үч өлкөнүн министрлери менен жолугуу үчүн Женевага барды

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арахчи Женевага британ, француз жана германиялык кесиптештери менен өзөктүк курал жана Иран-Израил жаңжалындагы чыңалуунун курчушуна байланыштуу сүйлөшүүгө барды.

Европалык делегациянын курамында Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль, Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми бар.

Мындан тышкары сүйлөшүүлөргө Евробиримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас катышат. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча расмий өкүлүнүн айтымында, анын катышуусу чыңалууну басаңдатуу жана “өзөктүк досье” боюнча бир чечимге келүү максатын көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан