Социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык араздашууну козутуп, Баткен элине карата жаман билдирүүлөрдү тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, Ала-Бука районунун тургуну А.у.А. "TikTok" социалдык тармагы аркылуу облустун жарандарына уят жана кемсинткен сөздөрдү камтыган видеотасманы жана билдирүүлөрдү ачыкка чыгарган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук же регион аралык кастыкты (араздашууну) козгоо) менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.
УКМК улуттук, регионалдык, расалык же башка белгилер боюнча жек көрүүчүлүктү же кастыкты козуткандар кылмыш жазасына тартыла тургандыгын эскертет.