Бүгүн, 7-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум өттү.
Анын жүрүшүндө күбө катары көрсөтмө берүүгө Токмок шаарынын муниципалдык менчиктер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Самат Кусанов чакырылды. Ал 2009-жылы жумушка киргенин, аталган иш боюнча толук кабары жоктугун, бирок соода борбору курулуусу керек болгон жердин жанындагы менчикке берилип кетип учурда сот тарабынан каралып жаткан жер тууралуу билерин айтты.
Жактоочу ага кайрылып: "Көрсөтмө берип жатып "ошол жер тууралуу болуп жаткан соттук ишке УКМК тарабынан көмөк көрсөтүлсө деп өтүнөт элем" деп көрсөтмө бериптирсиз. Бул айтканыңызды кандай чечмелесек болот?" - деп суроо узатты.
Ага Кусанов: "Мен бул тууралуу эстей албай жатам. Көрсөтмөнү берген соң айрым жерлеринде айырма болгон деп каршы чыгып айткам. Оңдолгон эмес окшойт, мына ошондуктан түшүнүксүз жерлер чыгып жатат", - деп жооп берди.
Кийин жактоочу Кусанов көрсөтмөсүндө айырма чыгып, башкача жазылып калган жалгыз күбө эместигин айтты.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.