Ошто туристтерди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Ошто туристтерди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Айбек Бечелов билдирди.

"Туристтерди сүзүп кеткен Хундай Портер унаасынын айдоочусу 5-сентябрда кармалды. Ал Алай районунун Чий-Талаа айылынын 27 жаштагы тургуну экен. Унаасы айып аянтчасына коюлуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз катчы.

Эскерте кетсек, 3-сентябрдан 4-сентябрга караган түнү Алай районуна караштуу Сары-Таш айылына жакын жерде чөп жүктөгөн жүк ташуучу унаа эки чет өлкөлүк туристти жана бир Кыргыз жаранын сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан