Текебаевдин сотунда 2010-жылдагы Конституциялык кеңешмени уюштургандар көрсөтмө беришти

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча отурум уланууда. Отурумдун жүрүшүндө 2010-жылы Конституциялык кеңешмени уюштурган адамдар көрсөтмө беришти.

Кеңешме төрагасынын орун басары Клара Сооронкулова Текебаев 13-май күнү түштөн кийин жыйынга катышканын жана ага өзү модераторлук кылганын айтты.

Ал эми ошол учурдагы "Ата Мекен" фракциясынын аппарат башчысы Марат Дайыров 21-декабрдагы маселеге токтолду. Анын айтымында, Текебаев 21-22-декабрь күндөрү парламентте болгон эмес.

Андан сырткары күбө катары суралган Конституциялык кеңешмени өткөрүү боюнча бөлүм башчы Жылдыз Камчыбекова Текебаев менен бир нече ирет анын иш бөлмөсүндө жолугушканын, Модин көрсөткөн бөлмө Атамбаевдики экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан