Талас облусунун Бакай-Ата районунда "5 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган" деп шектелип 30 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 20-август күнү Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында орун алган. Шектүү 5 жаштагы кыздын тууганы болгон. Бул тууралуу кыздын апасы 29-августта гана укук коргоо органдарына билдирген. Ошондой эле прокуратурадан учурда кылмыш иши козголуп, шектүү кармалганын, иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.