Өмүрбек Текебаевдин сотунда Азимбек Бекназаров кайрадан көрсөтмө берет

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча отурум уланды. Анын жүрүшүндө бүгүнкүгө чакырылган жети күбө суралып, андан соң Текебаев Азимбек Бекназаровду, Кеңешбек Дүйшөбаевди, Элмира Ибраимованы кайрадан көрсөтмө берүүгө чакыруу өтүнүчүн келтирди.

"Бекназаров "Кудай сактасын, калп айттым" дебестир эми. Мен дагы, коомчулук дагы шектенип жатабыз анын айткандарынан", - деди Текебаев.

Сот Текебаевдин өтүнүчүн канааттандырды.

Кийинки соттук отурум 12-сентябрь күнү саат 10:00гө жылды.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
isabek1977
2017-09-07 16:30:27
Текенин соту али бери бутпойт окшойт.Бульдозер ичинен кудай сакта деп соогун дагы агартып берет экен да.
+1
KUBI
2017-09-07 16:46:20
8ди 2ге кобойтсо 16 жылга камалат. Теке байкебиздин иши бутту.
-2
jbolotov
2017-09-07 18:08:28
Ушу Текебаев тажаттыго, жургон жери чыр.
-2
zamirbekorozalimovkg
2017-09-07 18:20:21
Теке чыкса сузуп иттей кылбаса болду зонадан еле муйузун сындырып койбосо положенистер
0
Suzak12
2017-09-07 22:13:25
Аллах насип кылса акталып президнт болот эртен эмне болушун билбейбиз баарыбыз
0
Suzak12
2017-09-07 22:14:35
Душманыма да каалабайт эле ал жерди акталып кетсин куноосу жок болсо
0
Rasul94
2017-09-07 23:01:15
АШАны ушундай таш боор деп эч ойлободум эле
0
urmat94
2017-09-08 02:13:06
Кудай буйруса куноосу жок болсо акталып чыгат алтындарым ишенип койгула мага
+1
didu
2017-09-08 07:06:52
менимче айыбын тапкан жок бардыгы жалган чыкты модиндер, прокурордун суранычы менен камалды
0
admin_superstan
2017-09-08 11:25:42
nurhan2702, KUBI, жеке айтышууларга жол берилбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан