Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында 7 жаштагы бала жашынмак ойноп жатып трансформатордун ичине кирип токко урунуп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.
"Окуя 4-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында болгон. Ал башка балдар менен шаардык оорукананын жанында жашынмак ойноп жатып эшиги ачык турган трансформатордун ичине кирип жогорку чыңалуудагы токко урунуп каза болгон", - дейт басма сөз катчы.
“Түндүк электр” ишканасынан аталган окуяга байланыштуу окуу жылынын башталышы менен Бишкек шаары жана Чүй, Талас облустарында окуучуларга жана мектеп жашына чейинки балдарга электр тогунан жаракат алууну алдын алуу боюнча кезектеги түшүндүрмө иштерин жүргүзүү пландалып жатканын кабарлашты.
Ошондой эле ишканадан түшүндүрүү иштеринин алкагында мектептерде атайын класстык сааттар өтүлүп, видео-роликтер көрсөтүлөрүн, электр буюмдарын туура колдонуу эрежелери үйрөтүлө турганын айтышты.