Ноокат районунун Калима Исраилова аттуу тургуну 9 жаштагы уулу, 3 айлык кызы менен Казакстанга алданып барып, көптөгөн кордуктарды көрүп, 12 жылдан соң кайтып келишкен. Аларды мекендешибиз жардам берип алып келбегенде, балким, дагы деле Казакстандын талаа-түзүндө бекер иштеп жүрө беришмек. Учурда ал үй-бүлөсү менен агасынын үйүндө жашап жатат. Бутун сүйрөп араң басып оорукчан болуп калган.
Калима Исраилованын уулу Таабалды 21 жашка келип калса да тамга тааныбайт. Ал 3-классты бүткөн кезде Казакстанга кеткен. “Ушунча жыл иштеп жүрүп бир да кыргызды көргөн жокмун. Ушул жылдын башында гана Баты деген кыргызга жолугуп калып, ага арманымды айтып, жардам сурадым”, - дейт ал.
Жардамга муктаж болуп турган мекендештерибиздин баянын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№775, 8-cентябрь, 2017-жыл) окуңуз.