Чүйдө айдоочу унаасы менен бакты сүзүп, ошол жерден каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык тууралуу маалымат 7-сентябрь күнү саат 21:30 чамасында келип түшкөн. Анда Бишкек-Кара-Балта-Чалдыбар унаа жолунун 65-чакырымында айдоочу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн.

"Кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган А.Ж. аттуу айдоочу окуя болгон жерден каза болгон. Куткаруучулар айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан