Бүгүн, 8-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Аида Салянованын соту уланды. Бирок соттук отурумга Салянова кызы ооруп калганына байланыштуу келе алган жок. Сот ишти кароону саат 13:00гө жылдырды.
Буга чейин өткөн аптада болгон сотко Салянова кызынын ден соолугуна байланыштуу келген эмес эле. Бирок сот Салянованы сотко мажбурлап алып келүү чечимин чыгарган.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.