Жети-Өгүз районунда турак үйдө өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти

Жети-Өгүз районунда турак үйдө өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 7-сентябрга караган түнү саат 02:37 чамасында Оргочор айылынын Өзгөрүш көчөсүндөгү турак үйдөн чыккан. Анын кесепетинен 135 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

"Өрт эртең мененки саат 07:05да өчүрүлүп, ага ӨКМнын №36-өрткө каршы бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган. Учурда өрттүн себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан