Жалал-Абад шаарында жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Жалал-Абад шаарында жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 6-сентябрь күнү саат 22:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө болгон. Анда айдоочу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган.

"Жабырлануучу Хонда Фиттин номерин эстеп калып, дароо 102ге билдирген жана жеңил жаракат алып Жалал-Абад облустук ооруканага кайрылган. 1996-жылы туулган М.О. аттуу айдоочу Патрулдук милиция тарабынан кармалып, унаасы айып жайга киргизилди. Административдик протокол толтурулуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан