Биринчи топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эне: “Оорукчан балдарды төрөп убалдарына калбайын деп турмушка чыккан жокмун”

10 балалуу үй-бүлө, ичкилик, ажырашуу, жетишпеген жашоо, оору... Мунун баары 57 жаштагы Созулжан Болотбекованын башынан өткөн. Ал кичине кезинен ушул жашка чейин жетишпеген жашоонун айынан ден соолугунун азабын тартып келет. Өзү гана эмес, жалгыз уулунун дагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, экөөнүн тең көздөрү жакшы көрбөйт. Барак тибиндеги тамдардан бир бөлмөнү ижарага алып жашап жаткан Созулжан Болотбекова: “Уулум дагы өзүмө окшоп биринчи топтогу майып, көзү жакшы көрбөйт. Бала – бакыт, бирок анын абалын көргөндө жүрөгүм ооруйт. Күйөөм менен бир жыл жашап, чыдабай ажырашып кеттим. Анын кийин өзүн-өзү өрттөп каза тапканын билдим”, - дейт.

Оор тагдырды башынан кечирип жаткан каарманыбыздын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№775, 8-cентябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин №775-жаңы санында...

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан