Ош облусунда маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүшүп кетти. Кырсыктан жеңил унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн Ош-Кара-Суу унаа жолунда болгон. Анда маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүшүп, анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза тапкан. Ошондой эле жети адам денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышып ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен экөөнүн абалы оор экени айтылууда.
Азыркы тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат.