Украинанын борбору Киевде эки Кыргыз жараны октон жабыркаганы айтылууда

Украинанын борбору Киевде атышуу болуп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Укук коргоо органдарына Киевдин Беларусь көчөсүндө терезелери талкаланган Opel үлгүсүндөгү унаа тууралуу маалымат түшкөн. Андан бир канча убакыт өтпөй октон жабыркаган эки жарандын жардам сурап кайрылганы боюнча ооруканадан билдиришкен. Ыкчам тергөө тобу окуяны иликтөө үчүн дароо чыгып кеткен.

"Шаардын ичинде кан болуп, ок тийген Jaguar үлгүсүндөгү унаа да табылган. Полиция кылмышкерлер из жашыруу үчүн Opel үлгүсүндөгү унаа менен жолун улоону чечкен деп тыянак чыгарууда. Октон жабыркаган эки жаран изин суутуп кеткен үйдүн короосунан ыкчам тергөө тобу спорттук сумка тапкан", - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, октон жабыркаган жарандар Украина өлкөсүнүн жарандары эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар Кыргыз жарандары экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aza84
2017-09-09 09:28:30
Эмнеден атышу болду экен
+1
Rifle_I
2017-09-09 18:34:48
aza84,криминал окшойт.
0
salimbek87.kg
2017-09-09 09:44:57
Не кыргыздан башка улут жок бекен .ошон үчүн паспортко улутун жазыш керек мисал үчүн кыргыз жараны деп турат улуту өзбек же тажик же орус же башка улут болушу мүнкүн .ошондо жараны кыргызстан улуту тигиндей деп айтат.
+9
toktor89
2017-09-09 17:00:33
salimbek87.kg,туура айтасын! Немистер же кытайлар жана башкалар биздин жарандыгыбызды алып бизди дагы коп жаманатты кылат коросуно гоо. Бул ишке да окмот куноолу эмеспиз деп айтат
+2
Sezim.A
2017-09-09 10:36:33
Мамлекеттин баркын кетиришти гоо.Кайсыл жерде болбосун божомолдоп эле кыргыздар деп жатышат.
+8
Rifle_I
2017-09-09 18:35:41
Sezim.A,паспортторубуз арзан. Распродажадан да чыкты го. Бир үйүр кытайдан табылды беле ?
0
karlik
2017-09-09 23:10:56
Кыргыз паспортунан улуту деген графаны алып салган чиновниктердин бети чымырабай отурат, чет жерде кыргыздардын баары кылмышкер көрүнүп бүттү. Каерде чуу чыкса кыргыз жараны деген кабар угулат. Эмне деген эл болдук, кайран Кыргыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан