Мексикадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 61ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 9-сентябрда жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жер силкинүүдөн улам жүздөгөн имараттар кыйраган. Өлкөдө акыркы 100 жылда болгон жер титирөөлөрдүн эң күчтүүсү деп катталган кырсык 8-сентябрга караган түнү Мексиканын түштүк жээгинде болгон. Жер титирөөнүн магнитудасы 8,2ни түзүп, андан кийин да 300дөн ашык жолу жер силкинген.
Эскерте кетсек, кечээ, 8-сентябрда Мексикада жана ага коңшу өлкөлөрдө жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жаралганы кабарланган.