Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүмүнүн маалыматына караганда, кырсык 8-сентябрь күнү саат 15:20 чамасында Ош-Кара-Суу унаа жолунун 16-чакырымында (Жылкелди айылы) болгон. Анда Оштон Кара-Сууга келе жаткан Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, маршруттук такси менен бетме-бет сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу 1957-жылы туулган Ш.М. (аял киши) жана 2010-жылы туулган небереси А.М. (эркек бала) каза болгон. Ал эми маршруттук таксинин ичинде айдоочудан тышкары 5 адам болгон. Учурда алар ооруканада, абалдары туруктуу. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти Ош ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнөн.