Жалал-Абадда Лексусу бар жалган милиционер кармалды

Жалал-Абад облусунда өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, тоноочулук менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл июль айында таңкы саат 04:00 чамасында Сузак районунун Топурак-Бел айылынын жанынан белгисиз жарандар өтүп бара жаткан унааны токтотуп, айдоочусун тоноп кетишкен. Лексус-470 үлгүсүндөгү автоунааны айдап жүргөн жарандар МАИ таякчасын колдонуп, Хонда CRV үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан Баткен облусунун 30 жаштагы жашоочусун токтотушуп, өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, баш ийбөө фактысы боюнча коркутушуп, айдоочунун 250 долларын жана 3 миң сом акча каражатына коркутуу жолу менен ээ болушкан.

"Жабырлануучу окуя боюнча бир айдан кийин милиция кызматкерлерине кайрылган. Жогорудагы кылмыш иши боюнча материалдар чогултулуп, кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында шектүүлөр айдап жүргөн Лексус-470 үлгүсүндөгү автоунаа такталып, кылмыш ишине тиешеси бар Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы жашоочусу кармалган. Тергөө учурунда кармалган жарандын милиция кызматына эч кандай тиешеси жоктугу жана эч жерде иштебей тургандыгы аныкталган. Лексус-470 үлгүсүндөгү автоунаанын ичин текшерүү учурунда уурдалган мамлекеттик номур жана таякча табылган", - дешти милициядан.

Азыркы убакта кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги такталууда жана жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар экинчи жаранды кармоо боюнча иш-чаралар көрүлүп жатат. Кылмышка шектүүлөр мурда милиция кызматкерлеринин атын жамынышып, Ош-Бишкек жолунда башка айдоочулардан коркутуу жолу менен акча алып жүрүшү мүмкүн. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kechirmeni
2017-09-09 11:00:27
Курсак кантет. Бетин корсотуп кое бербепсинер эле. Тонолгондордон дагы болсо тааныйт эле
+21
bond02
2017-09-09 11:04:12
Курсагына караганда коп эле адамды тоногон го дейм.
+24
modem4999
2017-09-09 11:08:36
Жаш баланын ишин кылыптыр да
+7
akkyzmild86
2017-09-09 11:16:42
Колун менен кылганды башын менен тартасын. Бет дегенден жок экенда.
+16
kenjebek_a
2017-09-09 11:28:39
Касапчынын итиндей семириптир го.Ушунча болду бетин коргозгуло.Дагы жабырланган адамдардын болсо кайрылат эле.
+15
Tolkun555
2017-09-09 11:35:12
Бул жакта го 1-2 жыл камалып чыгып кутуласын.же болбосо машинанды уйунду сатып бересин.нары жакка барганда кантип кутулаар экенсин
+8
Syn4y
2017-09-09 11:55:42
tynar okwoit
+17
kechirmeni
2017-09-09 12:43:42
Койгула туугандар бироону кемсинткен туура эмес тамаша болсо деле
+7
aiba-889290
2017-09-09 12:53:50
Жабыркаган адамдар эмне курсагынан таанымак беле???Бетин ачып жакыныраактан корсотуп,машинасынын суротун киргизип койсонор балким дагы коп кылмышынын бети ачылмак.Бир адамды коркутуп эле акчасын алып анан бекинип башка кылмыш кылбай коймок беле.
+10
Sezim.A
2017-09-09 13:32:29
aiba-889290,эн туура кошулам курсагынан тааныса керек да.
+5
Ayida
2017-09-09 20:24:30
Раса жазасынарда адамды кулдуруп. Чындап эле башы Тынарга окшоп кетет экен.Бирок бул бою пас ичи чон экен
+2
nur72
2017-09-09 23:32:04
уят эле чоон эле адамдын ушул ишти кылганы
+1
Parker
2017-09-10 00:58:48
Менда Тынарбы деп коем ха ха ха
Ич кантет э? Бироо жарымды жеп алганбы не баляя ичин жарип корсонор турмодон качып жургон бироо жарым чыгышы мумкун)))
+1
admin_superstan
2017-09-12 11:15:19
Nazaroff1974, ayjan_90, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан