Сокулук районундагы Көнөк жайытында куураган чөп күйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат 8-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында келип түшкөн.
"Кызыл-Туу жана Күн-Туу айыл аймактарына караштуу Көнөк жайытында куураган чөп күйүп жатат. Бир өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Азыркы тапта тилсиз жоону өчүрүү иштери уланып жатат", - деп билдиришти ӨКМдан.