Бишкекте көпүрөдөн кулап каза болгон жарандын өлүмү боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 8-сентябрь күнү саат 18:40 чамасында "Ош базарына" жакын жерде болгон. Анда белгисиз адам көпүрөдөн кулап кеткен.
"Жабырлануучу (эркек киши) башы менен ташка түшкөндүктөн, ошол жерден жан берген. Учурда анын аты-жөнү такталууда. Анын жашы болжол менен 30-35 чамасында. Азырынча маркумдун эмнеден улам көпүрөдөн кулап кеткени белгисиз. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.