АКШнын Флорида штатында "Ирма" бороону жүрүп, Майами шаарына жетти. Анын жыйынтыгынан Майами шаарынын айрым райондору суу астында калды. Жамгырлуу бороондон улам суунун деңгээли көтөрүлүп, штатты суу каптоодо. Учурда бороон штаттын батыш жээгине толук жетип, анын кесепети токтобогон жаандын жаашына алып келүүдө. Шамалдын ылдамдыгы саатына 175 чакырым болуп жатат деп жазат Би-Би-Си маалымат кызматы.
Майаминин финансылык району Брикеллди каптаган суунун деңгээли 60 сантиметрге жетип калды. Көптөгөн көчөлөр дарыяга айланып кетти деп билдиришет жергиликтүү тургундар маалымат каражаттарына. Миллиондогон турак үйлөр электр жарыгысыз калган. Штаттын бийлиги 6,3 миллион жашоочуга жашаган аймактарын таштап коопсуз жайларга эвакуациялануу боюнча эскертүү берген. Бул шаар жашоочуларынын төрттөн бир бөлүгүн гана түзөт.
Буга чейин "Ирма" бороону алып келген кыйроолор Кариб бассейнинде орун алып, 27 адам каза тапканы маалыматтарда айтылган. Флориданын түштүк райондорунда, Ки-Уэст аралындагы курортто катуу шамал болуп, суунун ташкынын пайда кылууда. Деңиздеги толкундун бийиктиги 4 жарым метрден жогору көтөрүлүүдө. Курорттун бардык жашоочуларына аймакты таштап көчүү талабы коюлган.
Ураган акырындык менен түндүк тарапка жылып келе жатат. 100 миңдеген адамдар атайын коопсуз жайларга баш калкалашууда. Өзгөчө коркунуч Тампа жана Сент-Питерсберг шаарларында жаралууда. Ал эми 3 миллиондой калк жашаган Тампа-Бэй району 1921-жылдан бери мындай күчтүү бороонду көрүшө элек болчу. Майаминин полициясынын башчысы учурда шаарды 60-90 сантиметр тереңдиктеги суу каптап турганын жана катуу шамалдан электр жарыгысыз калышканын маалымат булактарга кабарлады.
Кырсык адамдарды каптап жаткан учурда айрым маалымат булактары абалдан пайдаланып, көчөнүн жээгиндеги дүкөндөргө мародёрлук кылып жаткан адамдар бар экенин кабарлады. Интернет булактарына жамгырлуу шамалга карабай дүкөндөрдөн бир нерселерди ташып чыгып жаткан адамдардын сүрөт видеолору тарады.