Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир үй-бүлөдөн 4 адам каза болду

Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир үй-бүлөдөн 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарчасында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесинде келе жаткан Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-автотехникалык экспертиза дайындалган. Жол кырсыгы 9-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында катталган.

"Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиз унаасынын айдоочусу Кадамжай шаарынын 44 жаштагы Э.Н. аттуу тургуну жана анын 44 жаштагы аялы, 2002-2016-жылы туулган балдары денелеринен алган жаракаттарынан улам Кадамжай аймактык ооруканасында каза болуп, 2004-жылы туулган уулу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми Мерседес-Бенц жүк ташуучу унаадагы 4 адам жаракат алып, Кадамжай аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ulik.uma04
2017-09-11 14:04:07
Аллах сабыр берсин туугандарына.он рул машинаны негизи жолго уруксат бербеш керек.андай дейин десен он рул айдап жакшына эле тиричилигин кылгандар толтура.кырсыкта Эми.президенттикке талапкерлер:-каяктагы болбогон баннерге акча коротпой ошол акчага чон тулоо откозсонор.канчалаган жердештерибиз Россия Казахстан жб олколордо кайтыш болуп атат.соопко да калат эленер.
+6
Hadyja
2017-09-11 14:15:52
Жаткан жерлери жайлуу,ыйманы саламат болсун!!!!
Кайгылуу окуя.
+8
Altysha89
2017-09-11 14:18:45
Жаткан жерлери жайлуу топурагы торкоо болсун. Бейишин берсин жараткан Алла. Жакындарына сабыр берсин.
+5
haydarkan
2017-09-11 14:26:58
Ээх мен жашаган аймактагоо. Жаткан жерлери жайлуу болсун. Бейишинен бер АЛЛАХЫМ
+7
anash
2017-09-11 14:29:42
Super info keche kunku biwkek osh jolundagy kyrsykty taktap malimat berip koisonuzdar jakwy bolmok
+6
madina.87
2017-09-11 15:03:17
Ээх кайран гана омурлор,боинг кырсыгынан кийин уй-булолор толугу менен катышкан жол кырсыгы кобоюп кеттиго.Тулоо откоруш керек!
Жаратканым баарынын сурагын женил кылып,бейиштин эшигин ачсын.
Жайлары жаннаттан болсун!
0
Akyl78.1501
2017-09-11 15:14:15
Ой кудай сактай көр. Достор күнүнө кыргызстанда 2 ден 3 төн адам өлүп жатат 99% жол кырсыктары ушулардын баарына ГАИ лер күнөлүү мастан көп суммадагы акчаны алып коё берет и праваны сатышат жол эрежесин эч ким билбейт. Корупция бизде жаман өнүктү. Балык башынан сасыйт дегендей баарына Атамбаев алып келген өкмөт күнөлүү контроль жок эч жерде. Бүт баары бирине бири тууган кайни бөлө.
+9
Elnura08
2017-09-12 14:40:27
Ии жайлары жаннаттан болсун,биз жактыктар экен гоооо..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан