Токтогул районунун жашоочусу 80 килограммдан ашуун кара куурай менен кармалды

Токтогул районунун жашоочусунун үйүнөн 80 килограммдан ашуун кара куурай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунун 51 жаштагы А.И. аттуу тургунунун үйүн текшерүү учурунда 5 даана капка салынган 82 килограмм кара куурай табылган. Мындан сырткары Майлуу-Суу шаарында мурда сот жоопкерчилигине тартылган 49 жаштагы Т.С. аттуу жергиликтүү тургун шектүү катары токтотулган. Текшерүү учурунда жанынан баштыкка оролгон кара куурай баңгизаты табылган.

"Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
admin_superstan
2017-09-11 16:44:05
Dalil, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
0
Kroxa
2017-09-11 20:49:39
Каракуурай..гулундой гулдотуп,куурайындай кууратат алыс эле болушса..акча кылам деген куурагыр болсо керек,.сатса жакшы кармалсан олдун куурап..
+2
Nurmat92
2017-09-11 21:47:48
Мыйзамсыз даярдоо алуу сатуу жөнөтүү деп жазылыптыр ошондо муну мызамдаштырып алып сатуу даярдоо жөнөтүү кылса болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан