Аламүдүн районунда 8 жашар кызды зордуктоого шектелген тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аламүдүн районунда 8 жашар кыз зордукталды деген арыз менен кыздын ата-энеси милицияга кайрылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен (Жабырлануучуга, (жабырлануучу аялга) же башка адамдарга зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же болбосо жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) алсыз абалынан пайдалануу менен педофилдик же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1951-жылы туулган тургун кармалган. Кармалган тургун убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалып иш жүргүзүлүүдө.