Борбор калаанын Бакаев-Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакта белгисиз адамдар эс алуучулар отура турган отургучту уурдаганга аракет жасаган. Бул окуя социалдык тармактардагы колдонуучулардын арасында кызуу талкууга алынды. Темирден ийилип кооздолуп, жыгач кагылган отургучту цемент уютуп орнотулган жеринен кадимкидей талкалап жулуп алуу аракетин жасашкан. Бирок уурунун аракети ишке ашкан эмес. Бул тууралуу Бишкек ШИИББине байланышканыбызда, отургуч уурдоого аракет жасалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшпөгөнүн айтышты.
Ал эми Бишкек шаардык Ленин районунун акими Нурдин Тынаев SUPER.KG порталына аталган окуя тууралуу буларды айтып берди.
"Бул тууралуу маалыматым жок, эгерде ошондой уурдаганга аракет жасалган болсо административдик же кылмыш жоопкерчиликке тартабыз. Аны эми биз кайра ордуна коюп оңдоп коёбуз. Мындай учурлар бизде дайыма эле болот, бири отургучтардын жыгачын сындырып салса, кээ бири таштанды урналарын жана дөңгөлөктөрүн уурдап кетишет", - деди райондук аким.