Мындан эки жыл мурун, 2015-жылдын 11-сентябрында Меккеде курулуш үчүн орнотулган кран кулап, 107 адам каза болгон.
Крандын кулашынан 238 адам жаракат алган. Кырсыкка кабылгандардын басымдуу бөлүгү ажылык сапарга баргандар. Окуя 11-сентябрь күнү саат 17:21 чамасында зыярат кылуу учурунда катталган. Мындан улам каза болгондордун саны көп болгон. Бул күнү Мекке шаарында нөшөрлөп жамгыр жаап, суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн. Жолдорду суу каптап, сел жүрүү коркунучу пайда болгон. Жергиликтүү жашоочулар мындай аба ырайы сейрек кездешерин айтышкан.
Крандын кулашына саатына 40 чакырым ылдамдыкта катталган катуу шамал себеп болгонун Арабиянын Жарандык коргонуу кызматынын башчысы айтып чыккан. Окуя болгон күнү Арабиянын Мекке шаарында жана башка шаарларында катуу шамал болуп жаткан.
Иликтөө иштери аягына чыкканга чейин курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниянын ишмердүүлүгү токтотулган. Жергиликтүү сот Финансы министрлигине жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнө 270 миң доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү милдеттендирген.
"Аль-Харам" мечити дүйнөдөгү ири мечиттердин бири болуп саналат. Сауд Арабия бийлиги мечитте оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.