"Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев катышкан автокырсыкта каза болгон 2 жарандын өлүмүнө ким күнөөлүү экени азырынча аныктала элек. Бирок унаасы менен каршы тилкеге чыгып кеткен айдоочу алдын ала иликтөө иштеринин негизинде рулда бара жатып уктап кеткем деп көрсөтмө берүүдө".
Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин маалымат кызматы бүгүн билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында айдоочу рулда бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен дагы Чотбаев бара жаткан унаа менен сүзүшкөн. Экспертизанын жыйынтыгы чыга электигине байланыштуу азырынча кырсыктан каза тапкандардын өлүмүнө күнөөлүү ким экени толук аныктала элек.
Эскерте кетсек, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев 2-сентябрда жол кырсыгына кабылган. Жол кырсыгы Бишкек-Токмок трассасынын 35-чакырымында болуп, Чотбаев башкарып бараткан автоунаа каршы тилкедеги автоунаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан улам генерал-полковниктин колу сынган. Ал эми экинчи автоунаадан 2 адам каза тапкан.
Маалымат үчүн: Абдыгул Чотбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын биринчи кол башчысы. Ооган согушунун ардагери. Өлкөнүн Куралдуу күчтөр тармагында көп жыл кызмат өтөгөн.